Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Иран Орусиядан сатып алган S-300 аскерий комплексин көрсөттү

-300 зениттик-ракеталык комплекси
-300 зениттик-ракеталык комплекси

Улуттук армиянын жыл сайын Тегеранда өтчү парадында иран бийликтери Орусиядан сатып алынган S-300 зениттик-ракеталык комплекстерин элге көрсөттү. ISNA маалымат агенттиги көрсөткөн кадрларда президент Хасан Роухани Ирандын аскерий күчү коргонуу гана максатын көздөрүн айтты.

11-апрелде Иран Орусиядан S-300 ракеталык системасынын биринчи бөлүгү келип түшкөнүн жарыялаган. 2010-жылы Москва Батыштын кысымы менен Иранга мындай кубаттуу системаны берүүнү токтоткон. Президент Владимир Путин 2015-жылдын апрель айында курал сатуу боюнча сүйлөшүүгө кайрылган.

АКШ менен Израил Тегеранга келген курал аймактык аскерий күчтөрдүн балансын бузушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG