Түштүк Американын чыгыш жээгинде жайгашкан Эквадор мамлекетинде күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 200дөн ашып, 600дөн көп киши жараат алды. Президент Рафаэл Корреа куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды чыгаруу менен алектенип жаткан маалда кеминде 233 киши каза тапканын билдирди.
Корреа Римдеги сапарын чукул жыйынтыктап, өз мекенине жол тартты. 16-апрелдин кечинде баш калаа Китодон 150 чакырымдай алыста очогу катталган жерде электр жарыгы жана мобилдик байланыш өчтү. Өлкөнүн ири шаары Гуякилде имараттардын дээрлик көпчүлүгү урандыга айлынды.
Эквадор өкмөтү бул жер титирөөнү 1979-жылкы 600дөй кишинин өмүрүн алып, 20 миңдей киши жараат алган зилзаладан кийинки масштабдуу кырсык деп мүнөздөдү.