Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Ооганстан: Кундуз шаары үчүн салгылашуу уланууда


Кундуз шаары үчүн урушта жарадар болгон ооган аскери.
Кундуз шаары үчүн урушта жарадар болгон ооган аскери.

Өкмөттүк күчтөрдүн үч күндөн бери талиптердин отряддары менен урушу уланууда. Жекшембиде алар Кундузду басып алуу үчүн кайрадан аракет көрүшкөн. Былтыр да бул шаарды ээлеп алышып, бир нече күндөн кийин бошотулган. Шаар полициясы акыркы күндөрү Кундуздун түштүк-батышындагы бир нече блокпостторго кол салуу болгонун Reuters агенттигине кабарлады.

Маалыматка караганда, согушкерлер калаанын чыгыш тарабынан сүрүп чыгарылган. Ооган бийлиги соңку күндөрү талиптер 49 согушкеринен айрылганын айтууда. Ал эми өкмөттүк аскерлердин төртөө набыт кетип, 11и жараат алды. Согушкерлердин арасында Өзбекстан менен Тажикстандан барган адамдар бар экени кабарланууда. "Талибан" кыймылы бир нече күн мурун “жазгы чабуулун” баштай тургандыгын эскерткен.

XS
SM
MD
LG