Бишкек шаарында кечээ наристе балдары жабык бөлмөдө камалып калып, куткаруучуларга кайрылган үч окуя катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 8-кичи райондо ванна бөлмөсүнүн эшигин ачып, ичиндеги 2 жаштагы баланы чыгарып беришкен.
Асанбай кичи районунда 3 жаштагы бала камалып калган.
Свердлов районунун Буденный көчөсүндөгү №46 үйдүн ажатканасынын жабылып калган эшигин ачып беришкен. Ичинде 4 жаштагы бала болгон. (RK)