Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Кыргызстан-Франция: Дипломаттарга виза талап кылынбайт


Кыргызстандын дипломатиялык паспорту бар жарандары мындан ары Францияга визасыз кирип-чыга алат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Парижде эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин жыйыны өтүп, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө багыттары талкууланды. Ошону менен катар Европа Биримдиги жана ЕККУ алкагындагы байланыштар тууралуу да кеп болду.

Соңунда дипломатиялык паспорту бар кызматкерлерден виза талап кылбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Бул эреже франциялык дипломаттарга да тиешелүү болот.

Кыргызстан менен Франциянын ортосунда саясий мамиле 1992-жылдын 28-февралында орнотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG