Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Кыргызстандыктар Новгороддо мал чарбасын өнүктүрөт


Орусиянын Хабаровск шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев Новгород облусунун губернатору Сергей Митин менен жолугуп, айыл чарба тармагында кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Бул жөнүндө бүгүн "Замандаш" ассоциациясынан кабарлашты.

Жолугушууда Новгороддо мал жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө кыргызстандык адистердин тажрыйбасын пайдалануу багытында сөз болду. Чудов районундагы "Коммунар" ишканасынын базасында аларга жумуш орундары берилери айтылды.

Бейрасмий маалыматка караганда, Орусиянын ар кайсы аймактарында эмгек мигранты болуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 1 миллионго жетет. (RK)

XS
SM
MD
LG