Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Чыңгыз Айдарбеков Жапонияга элчи болуп дайындалды


Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Жапониядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жаңы дайындоо тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

39 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков Бишкекте туулган. 2001-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктаган. Тышкы иштер министрлигинде, Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы элчиликтерде иштеген.

Элчи болуп дайындалганга чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык мамилелер жана протокол бөлүмүн жетектеп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG