Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

Бразилия депутаттары президентке импичмент жарыялады


Бразилия парламенти. 17-апрель, 2016-жыл
Бразилия парламенти. 17-апрель, 2016-жыл

Бразилия парламентинин төмөнкү палатасы өлкө президенти Дилма Русефке каршы импичмент жарыялоо жараянын баштоону колдоду. 17-апрелдин кечиндеги добуш берүүдө ага депутаттардын үчтөн экиси "макул" деп добуш берди. Башкача айтканда, талаш-тартыш менен узакка созулган парламент жыйынында бул маселени 367 депутат колдоп, зарыл болгон 342 добуштан ашты. 167 депутат импичмент жарыялоого каршы добуш берди. Эми бул маселе парламенттин жогорку палатасы - сенатта каралышы керек. Сенат да импичмент жарыялоону колдосо, президент Русефтин жоопкерчилигин кароо сотко өтөт. Сот айыптуу деп тапса ал президенттиктен токтоосуз кетет.

68 жаштагы Дилма Русеф коррупцияга жана финансылык мыйзам бузууларга айыпталууда. Ал мындай айыптоолорду четке кагып, өзүнө каршы ишти мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет катары сыпаттады. Русеф баштаган солчул Жумушчу партиясы 13 жыл мурда бийликке келгенде жакыр катмардагы калк турмушун жакшыртууну убада кылган.

XS
SM
MD
LG