Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Эквадордо зилзала курмандыктарынын саны 272ге жетти


Бул Эквадордо 1979-жылдан берки эң катуу жер силкинүү болду.
Бул Эквадордо 1979-жылдан берки эң катуу жер силкинүү болду.

Түштүк Американын чыгыш жээгинде жайгашкан бул өлкөнүн өкмөтү 16-апрелдин кечиндеги 7,8 баллдык жер титирөөдөн ажал тапкандардын саны 272 кишиге жеткенин, жаракат алгандар да бир канча миңдеп саналып жатканын билдирди. Бийликтер кыйраган имараттар астында көптөгөн адамдар калып калышы мүмкүн болгондуктан курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымалдыгынан кооптонууда.

Зилзала очогу Тынч океан жээгиндеги Муисине шаарынан түштүк-чыгышка карай 28 чакырым аралыкта болгон. Силкинүү күчү бул жерден 150 чакырымдай алыстыкта жайгашкан баш калаа Китодо да катуу сезилип, адамдар теңселген имараттардан сыртка качып чыккан. Электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, мобилдик байланыш кызматынын айрым түрлөрү иштебей калган.

Бул Эквадордо 1979-жылдан берки эң катуу жер силкинүү болду. 37 жыл мурдагы зилзалада 600 адамдын өмүрү кыйылып, 20 миңдей киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG