Ушу тапта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция төрага маселесин жабык карап жатат.
Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен.
Анын ордуна негизги талапкерлер катары “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев аталууда.
Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков төрагалыктан баш тарткан.
Башкаруучу коалицияга "Ата Мекен", КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" кирет.
Өткөн апта соңунда спикерликке талапкерди тандоо үчүн коалиция ички добуш берүү жүргүзүшү керек деп "Өнүгүү-Прогресс" сунуштаган, бирок буга "Кыргызстан" макул болбой жатат. (RK)