Каракол шаарында "Кыймыл - бул жашоо" деген бий марафону өттү. Бул иш-чараны облустун өкмөттөгү өкүлчүлүгү уюштурган.
- Максат - шаардын жаштарын көптөгөн коомдук иштерге активдүү тартып, кайдыгер жашоочуларын ойготуу, - дейт облус башчысы Аскат Акибаев.
Акибаевдин айтымында, Ысык-Көл облусу туристтик аймак болгондон кийин ошого шайкеш брендди калыптандыруу зарыл. (AsM)