Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Ош – Бишкек жолунда 1,5 кг героин алып бараткан жаран кармалды

1,5 кг героин ташып бараткан киши кармалды
1,5 кг героин ташып бараткан киши кармалды

Ош – Бишкек трассасында жүргүнчүдөн жашырылган героин табылды. Кечээ 17-апрель күнү милицияга түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде, Ош – Бишкек трассасынын 472-чакырымындагы Шамалды-Сай участогунан унаада бараткан жүргүнчүнүн белбоосуна оролгон героин заты табылды.

Жалал-Абад облустук милициянын маалыматында Базар-Коргон районунун 42 жаштагы тургунунан алынган 1,5 кг маңзатка химиялык экспертиза жасалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул багытта тергөө иштери уланууда. (RsK)

​
XS
SM
MD
LG