Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Турсунбеков: спикерликке талапкер боюнча мунаса табыла элек


Бүгүн Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк спикерликке талапкер тандоо маселесин жабык карады. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун билдиришинче, анда көпчүлүккө кирген фракциялар ортосунда орток пикир табылган жок.

“Азырынча эки талапкер тууралуу сунуш түштү. Коалициялык көпчүлүккө кирген бардык фракциялардын позициялары белгилүү, бирок биз бир мунасага келе элекпиз. Парламенттин жалпы жыйынына чейин дагы чогулабы. Эки талапкердин бири экинчисине жол бошотуп бериши ыктымал, сессияга чейин бир талапкерге токтолобуз”, деди Турсунбеков.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагалыгына “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев көрсөтүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG