Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Балдарга жол эрежеси тууралуу маалымат берилүүдө


Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси атайын долбоорду ишке ашырууда.

Аталган бирикменин жетекчиси Чынара Касмамбетованын “Азаттыкка” билдиришинче, пилоттук негизде беш мектеп тандалып алынган. Анда билим алган 2-5-класстын окуучуларына мобилдүү шаарчаны колдонуу менен жол кыймылынын эрежелери үйрөтүлүп, балдарга жол чырактар, кесилиштер, көчөлөрдөгү белгилер тууралуу түшүндүрмө берилүүдө.

Статистикага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын балдардын катышуусунда бир жарым миңден ашык жол кырсыгы катталат. (NT)

XS
SM
MD
LG