Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Грузияда уран сатууга шектелген 6 адам кармалды


Грузия бийликтери уран-238ди сатууга шектелген Грузиянын 3 жана Армениянын да 3 жараны кармалганын жарыялады. Грузин коопсуздук кызматынын тергөөчүсү Мотиашвилинин 18-апрелде билдиргенине караганда, алты кишиден турган бул топ радиоактивдүү затты 200 миллион долларга пулдап жиберүүгө ниеттенген.

Заводдо атайын контейнерде сакталчу бул зат шектелип жаткандардын биринин үйүнөн табылган. Кармалган алты кишиге "радиоактивдүү материалды туура эмес колдонуу жана мыйзамсыз сатуу" беренеси боюнча айып тагылышы күтүлүүдө. Эгер алардын айыбы далилденсе он жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG