Тажикстандын "Магоб" машыгуу борборунда жана "Ляур" полигонунда бүгүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн 1500 аскери катышкан "Издөө-2016" деп аталган машыгуу башталды. "Азаттыктын" тажик кызматы ага Армениядан башка мүчө өлкөлөрдүн баарынын аскерлери катышып жатканын кабарлады. Машыгуунун ачылышында ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа сөз сүйлөп, аны маанилүү иш-чара деп атады.
Чалгын маалыматтарын иштеп чыгуу, анализдөө жана топтоо системасын жакшыртуу максатын көздөгөн бул машыгуу 22-апрелге чейин созулат.
Жамааттык коопсуздук келишими уюму 1999-жылы негизделген. Ага Орусия, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Беларус мүчө.