Өлкө бийлиги курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымалдыгын, табийгат кырсыгынан эки миңден ашык адам жаракат алганын кабарлады. Издөө-куткаруу иштерине Швейцария, Испания жана Латын Америкасындагы бир катар өлкөлөр адистерин жиберди. Эквадордо күчү 7,8 баллды түзгөн зилзала 16-апрелдин кечинде катталып, анын очогу Тынч океан жээгиндеги Муисине шаарынан түштүк-чыгышка карай 28 чакырым аралыкта болгон.
Бул Эквадордо 1979-жылдан берки эң катуу жер силкинүү болду. 37 жыл мурдагы зилзалада 600 адамдын өмүрү кыйылып, 20 миңдей киши жаракат алган.