Мекеменин билдирүүсүндө, крым татарларынын межилиси экстремисттик уюмдардын катарына кошулду. Буга Орусия аннексиялап алган Крымдын прокурору Наталья Поклонскаянын чечими негиз болуп берди. Поклонскаянын мындай демилгесин эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму, Евробиримдик сынга алып, бул демилгени улуттук азчылыктын укуктарын одоно түрдө бузуу катары сыпаттаган. Крым татарлары болсо муну “кылмыштуу” кадам деп баалаган эле. Ушул тапта Крымдын Жогорку соту межилисти экстремисттик деп таануу тууралуу Юстиция министрлигинин сунушун кароого киришти. Межилистин адвокаты Жемил Темишев прокурордун бүтүмүнүн үстүнөн доо-арыз менен кайрылууну көздөп жатат. Поклонская межилис улут аралык кастыкты козутуу менен алектенип жатат деген пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Татарлар Крым жарым аралындагы эки миллион калктын 15 пайызын түзөт. Алардын көбү 2014-жылы Орусиянын аннексиясына каршы чыгышкан. Андан бери межилис лидерлеринин айрымдары камалып, кээ бирлерине издөө жарыяланган.