Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагындагы Күмбөз участкасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы Сайдиев атындагы мектептин короосун каптады.
Ак-Тилек, Бөрүбай-Ата эс алуу жайларынын короосуна да суу кирген. Бодур-Таш аймагында 20га жакын бодо малды сел агызып кетти. Кара-Кысмак участкасында айыл ичиндеги жолдун 30-40 метр бөлүгүн суу алып кеткен. Ош, Жалал-Абад облустарындагы жаратылыш кырсыгы болгон аймактарга өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жөнөп кетти. Ал эми анын орун басары Чүй облусундагы сел жүргөн айылдарда тазалоо, алдын алуу иштерин көзөмөлдөөдө. (NT)