Чүй облусунда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кечээ жамгырдын катуу жаагандыгына байланыштуу Бурана дарыясы көтөрүлүп Токмок-Кегети унаа жолунун 7-8-чакырымында сел жүргөн. Кегети айылында айрым үйлөрдү суу каптап кеткен. Кара-Ой айылынын четки көчөсүн тоонун жылгасынын аккан суу каптаган.
Жалпысынан Чүй районунда 30 гектар айдоо аянтын, 8 турак үй, 1 унаа жолун суу каптаган.
Ал эми Ысык-Ата районунда 17 гектар жүгөрү аянты, 6 гектар бедени каптап кетти.
Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)