Европа Биримдиги Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны жакшыртуу программасынын алкагында гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештен кабарлашты.
Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети аталган программа боюнча финансалык макулдашуунун долбоорун жактырды.
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, келишимге ылайык, Евробиримдие 13 млн евро гранттык каражат бөлөт.
2017-жылдын соңунда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)