Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Пакистанда жанкечтинин кол салуусунан ондон ашуун адам жабыркады


Өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан Хайбер-Пахтунхва аймагында жанкечти чабуулунун кеминде 11 адам жараат алды. Алардын үчөө оор абалда. Полициянын маалыматына ылайык, кол салуу 19-апрелде Мардан шаарында салык кызматынын имаратынын жанында болгон.

Райондук полициянын жетекчиси Фейсал Шахзад билдиргендей, жанкечти өзүн жардырардан мурун тапанчадан ок аткан. Окуяга азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок.

Бир күн мурун бийлик Түндүк Вазиристан аймагында согушкерлерге каршы операция ийгиликтүү болгонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG