Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:12

Ариф жана Лейла Юнус Голландияга кетти


Лейла, Ариф Юнус.
Лейла, Ариф Юнус.

Үй камагын өтөп жаткан азербайжандык укук коргоочу жубайлар Ариф жана Лейла Юнус 19-апрелде Голландияга барышты. Аларды Амстердамдагы аэропорттон кызы Динара Юнус тосуп алганын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.

Укук коргоочу Лейла Юнус жана анын күйөөсү Ариф Юнус 2014-жылы салык төлөөдөн качкан жана алдамчылык кылган деген айып менен камакка алынган. Былтыр Лейла Юнус сегиз жарым жылга, күйөөсү Ариф Юнус жети жылга эркинен ажыратылган болчу. Экөө Бакудагы тынчтык жана демократия институтунда иштеген.

2015-жылдын соңунда алар саламаттыгына байланыштуу түрмөдөн чыгып, шарттуу камак мөөнөтүн өтөп жатышкан болчу. Азери маалымат каражаттары Жогорку сот жубайларга мамлекеттен чыгып кетүүгө 18-апрелде уруксат бергенин жазышты.

XS
SM
MD
LG