Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Порошенко Савченкону бошотуу тууралуу Москва менен макулдашты


Порошенко жана Путин
Порошенко жана Путин

Украина президенти Петро Порошенко учкуч Надежда Савченкону Орусиянын түрмөсүнөн бошотуу боюнча Москва менен макулдашканын билдирди.

Порошенко Владимир Путин менен телефондон байланышканын айтып:

- Мен үчүн украиналык жаранды Орусиянын абагынан куткаруу принципиалдуу маселе, - деди.

Надежда Савченко орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деп 2014-жылы кармалган. Өткөн айда ал 22 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүн орусиячыл жикчилдер кармап кетип, куру доомат менен темир тор артына киргизилгенин айтып келет.

18-апрелде Киевде орусиялык аскерлер Александр Александров менен Евгений Ерофеев ”Украина чыгышындагы калабаны уюштурууга катышы бар” деп 14 жылга абакка кесилишкен.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Москва менен Киев ошол эки аскерди Савченкого алмашуу боюнча сүйлөшүп жатканын кабарлаган.

Кремль бул боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG