Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

Опера жана балет театры оңдолот


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын жамааты менен жолугушуп, кызматкерлердин маянасын көбөйтүү жана имаратты толук оңдоп-түзөө үчүн кийинки жылдын бюджетине каражат табууну өкмөткө тапшырды.

Жолугушууда театрдын өкүлдөрү чечүүгө муктаж чарбалык жана социалдык маселелер тууралуу айтышты.

Айлыкты жогорулатуу, оркестрдин аспаптарын жаңыртуу, чыгармачыл кадрлардын жетишсиздигине байланышкан маселелер курч экенин жана аларды чечүү зарылдыгын билдиришти.

Аталган театрдын ачылганына быйыл 74 жыл болду. Алгачкы кыргыз мамлекеттик театры 1930-жылдын 7-ноябрында түзүлгөн. Бирок азыркы опера жана балет театрынын негизделген күнү деп 1942-жылдын 17-августу эсептелет.

Бул күнү музыкалык драмтеатр мамлекеттик опера жана балет театры болуп кайра түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG