Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:01

Быйыл жайлоо бала бакчалары көбөйөт


Жайлоодогу бала бакча.
Жайлоодогу бала бакча.

Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева Нарында болгон иш-сапарында билдирди. Анын айтуусунда, быйыл жайлоо бала бакчалардын санын 100гө жеткирүү аракети көрүлүп жатат. Өткөн жылы 87 бала бакча иштеген. Отунбаева бала бакчаларды өнүктүрүү, сандан сапатка өтүү боюнча иштер жасалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасынын негизинде өлкөдө буга чейин 250 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына ысык тамак берилип келсе, быйыл ал мектептердин саны 800дөн ашып калганын кошумчалады. (MiK)

XS
SM
MD
LG