Бүгүн кыргыз парламенти спикерди жалпы добуш берүү жолу аркылуу тандайт. Кечээ маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети карап, ат салышып жаткан эки талапкерди тең жактырган. Бүгүнкү жыйында 61 добуштан кем эмес колдоо тапкан талапкер кыргыз парламентинин спикери кызматына отурат. Өткөн аптада өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Бул кызматка «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев көрсөтүлгөн. Экөө орток пикир таба албаганына байланыштуу спикер шайлоо маселеси кечеңдеп кетти. (NT)