Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Жалал-Абадда тамакка ууланган окуучулардын абалы жакшырууда


Жалал-Абадда тамакка ууланган окуучулардын абалы турукташып калды. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди:

- Тиешелүү дарылоо жүрүп жатат. Азырынча баары тең ооруканада. Абалы жакшы.

Кечээ, 19-апрелде Жалал-Абад шаарындагы түрк лицейинде 9-класстын 9 окуучусу ооруканага түшкөн.

Облустук клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жаныбек Карабаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, балдардын бири үйүнөн колго даярдалган помидор салат алып келип достору менен бирге жеген.

Дарыгерлер аларга ботулизм дарты деген шек менен алгачкы жардам көрсөтүп, анализдерин текшерүүдө.

Азыр жабыркаган окуучулар жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG