Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Спикер шайлоо эки тур болушу мүмкүн, эсеп комиссиясы добуш берүүнү токтотууга укуктуу


Ушу тапта кыргыз парламентинде спикерди шайлоого соңку даярдык көрүлүп жатат.

12 депутаттан турган эсептик-ревизиялык комиссиянын жетекчиси, "Республика Ата-Журттан" депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, эреже боюнча:

- Эгер төраганы шайлоого эки талапкер катышса жана алардын бири да тиешелүү добуш ала албаса, добуштардын көбүрөөк санын алган талапкер үчүн кайра добуш берүү өткөрүлөт, экинчи тур болот.

Мирлан Жээнчороевдин белгилешинче, ар бир депутаттын фамилиясы окулат, добуш берүүгө бир-бирден түшүү керек:

- Добуш бергенден кийин гана экинчи депутат чакырылат. Кимде-ким ылдый жакка көбүрөөк түшүп, эсептөө комиссиясынын ишине тоскоолдук жаратса шайлоо процесси токтойт.

Буга чейин парламентте акыйкатчы шайлоо маалында бюллетень салынуучу үкөктүн жанында бир топ депутат топтолуп, ким кандай добуш бергени текшерилип жатканы ачык эле көрүнүп, Жогорку Кеңеш коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Спикерлик кызматка эки талапкер көрсөтүлгөн. Алар: «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев.

Кимиси депутаттардын 61 добушунан кем эмес колдоого ээ болсо, ошол шайланат.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG