Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

ӨКМ: Селден жабыркаган жерлердин жалпы аянты 100 гектардан ашты


Кыргызстанда 18-апрелдеги нөшөр жаандан кийинки селдин айынан жабыркаган эгин жана айдоо аянттары 100 гектардан ашты. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Чүй облусу боюнча 6 турак үй, 15 ар кандай курулуш, 30 га айдоо аянты, 23 га эгин аянты жана 3 унаа жолго сел суулары кирген.

Жалал-Абад облусунда каналдын жээгине жакын жайгашкан 7 турак үйгө сел жууп кетүү коркунучу пайда болгон, 2 таза суу линиясы, 3 чакырым унаа жол, 2 көпүрө жабыр тарткан. 17 сарайга, 1 мектептин тамаркасына жана жер төлөсүнө сел суулары кирген. 2 бодо мал, 27 кой-эчки өлгөн.

Жалпы Ош облусу боюнча: 2 турак жайга, 4 турак жайдын жер төлөсүнө, 35 тамаркага сел суулары кирген, 4 сугат арыгы, 8 канал, 2 сел өтүүчү канал, 7 жолго сел калдыктары түшкөн. 47 га эгин талаалары, 2,5 га үлүш жана фонддун жерлери сел сууларына толгон, 13 бодо мал өлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG