Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ысык-Көлдө туристтик сезон быйыл бир ай эрте ачылат


Ысык-Көл районунда бул жылы туристтик сезон бир ай эрте ачылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аким Раимбек Имангазиев билдирди.

- Жыл сайын эс алуу жайлары, пансионаттар конок тосконго июнь айынын аягында толук даяр болгондуктан эс алуучулар да ошол мезгилде келе баштачу. Бирок бул жылы биз өзгөртүү киргизип, азыртадан баштап даярданып жатабыз. Негизги жумуштардын бири - экологияны коргоо жана коопсуздукту камсыздоо. Биосфералык аймактагы экологияны таза сактоо үчүн биринчи кезекте суу тосмолор, суу түтүктөр тазаланууда, - деди аким.

Имангазиев белгилегендей, өткөн жылкы туристтик мезгилде район аймагындагы 13 пансионат суу түтүктөрүнүн абалы начар болгондуктан жана эс алуу шарттары талапка жооп бербегендиктен жабылган.

Район боюнча жалпысынан 156 ири пансионат болсо, анын 10у жыл бою иштейт. (AsM)

XS
SM
MD
LG