Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

КСДП спикерликке Өмүркулов, Рыспаев же Турсунбековду көрсөтүшү мүмкүн


Жогорку Кеңештин жыйын залы
Жогорку Кеңештин жыйын залы

Парламенттеги КСДП фракциясы төрагалыкка үч талапкердин бирин көрсөтүшү ыктымал. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" фракция мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

- Менин жеке пикиримде, эгер көпчүлүк коалицияга кирген башка фракциялардын лидерлери мүмкүнчүлүк берсе, биздин партиядан татыктуу үч талапкер бар. Алар - Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков жана Кожобек Рыспаев. Ушул үчөөнүн бирөөнү жылдырганга аракет кылабыз.

Момбеков белгилегендей, фракциялар бул жуманын аягына чейин өз талапкерлерин ичинен аныктап, кийинки аптанын дүйшөмбү, шейшембисинде комитеттерде талкууланса, спикер шайлоо шаршемби, 27-апрелде өтүшү ыктымал.

Бүгүн жалпы жыйында "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев жана "Өнүгүү-Прогресстин" жетекчиси Бакыт Төрөбаевге добуш берүү болду. Натыйжада экөөнүн добуштары тең чыгып (51/51), спикер шайланбай калды. (RK)

XS
SM
MD
LG