Евробиримдик украин жарандарына кыска мөөнөттүү визасыз режим берүүнү сунуштады. Бул тууралуу биримдиктин ички иштери боюнча мекемесинин башчысы Димитрис Аврамопулос билдирди.
Европага визасыз кирип-чыгууну буга чейин Украина сураган болчу. Сунуш ишке ашса, биометрикалык паспорту бар украиналыктар Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө 90 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Коңшулар менен ынтымактуу болуу зарылдыгын белгилеген Аврамопулос сунуш жакын арада украин жарандары үчүн ишке ашарына үмүттөнөрүн айтты. Жаңы эрежелер Европарламент тарабынан бекитилиши керек.