Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

USAID нарындык фермерлерге бекер үрөн таратты


 Картошка.
Картошка.

USAID долбоорунун алкагында Нарын облусунун Кочкор районунун Исакеев айылындагы 108 фермерге картошка үрөнү, гербицид жана аммофос жер семирткичтери таратылды.

Ар бир фермер 325 килограммдан картошканын үрөнү, минералдык жер семирткич жана бирден дары чачкыч алды.

Бул тууралуу аталган долбоордун облустук координатору Эламан Дүйшөнбиев билдирди.

Долбоор фермерлер менен агроишканалардын кирешесин көбөйтүүгө, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарындагы аялдар менен балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган. (MiK)

XS
SM
MD
LG