Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Мектеп ашпозчулары үчүн мастер-класс уюштурулду


Мектеп ашпозчулары мастер-класста
Мектеп ашпозчулары мастер-класста

"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен бүгүн Бишкектеги №10 кесиптик окуу жайда Чүй облусундагы мектептердин ашпозчуларына баш калаадагы мыкты деген ресторандардын башкы ашпозчулары мастер-класс өтүштү.

Бул иш-чаранын башкы максаты - мектептеги балдардын саламаттыгын чыңдоо жана туура тамактануусун, ошондой эле аларды тейлеген адамдардын коопсуздугун жакшыртуу.

Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун мектептеринин адистерине Кыргызстандын башкы ашпозчулар ассоциациясынын төрагасы Шухрат Шарипов сабак берди. (BCh)

XS
SM
MD
LG