Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Мамкызматкерлерди чыгашасын жарыялоого милдеттендирүү сунушталды


Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кирешеси менен катар чыгашасы тууралуу да ачык жарыялоого милдеттендирүү сунушталууда. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бул тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер мыйзам кабыл алынып калса аткаминерлер жыл сайын толтурулуучу декларациясына өзү жана жакындарынын тапкан кирешеси, анын ичинде чет мамлекеттерде жүрүп алган каражаттары менен кошо чыгымдарын да көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 30 миңге жакын мамлекеттик кызматкер бар. (RK)

XS
SM
MD
LG