Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Сокулукта өрт кырсыгы бир тургундун өмүрүн алды


Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылында өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, айылдын Пушкин атындагы көчөсүндө жайгашкан жер тамдардын биринде өрт чыккан.

Себеби азырынча белгисиз болууда.

Кырсык болгон жерде үй ээси, 64 жаштагы Геннадий Порошенконун сөөгү табылган. Адистердин айтымында, ал иске ууланып өлгөн.

Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG