Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Самаковдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берүүдө


Бишкектин Октябрь райондук сотунда судья Чыңгыз Адамкуловдун төрагалыгы менен Карганбек Самаков боюнча соттук териштирүү уланууда. Кечээ 2005-2009-жылдары Чүй облустук администрациясында агрардык өнүгүү бөлүмүн жетектеп турган Нурлан Жумалиев көрсөтмө берди.

Ал трансформацияны адегенде айылдык жана райондук кеңештер карарын, ошондон кийин гана облуста талкууланарын айтып, бул эреже толук сакталганын, юристтер өз бүтүмүн чыгаргандан кийин гана өкмөткө сунуш берилгенин билдирди.

Жумалиевдин айтымында, Самаковдун жерлери боюнча кагаздарга кол коюуда ага эч ким басым кылган эмес.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иш былтыр 14-майда козголгон. Алар Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда.

Карганбек Самаков иши каралып бүткөнчө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып берген.

Ал айыпсыз экенин айтып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG