Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Мечит үчүн өзүнчө электр тариф киргизүү сунушталды


Мечиттер үчүн электр энергиясынын тарифи өзүнчө болушу керек. Мындай сунушун бүгүн Жогорку Кеңеш депутаты Улан Примов айтып чыкты.

Учурда Кыргызстанда мечиттер көп экенин айткан депутат алар үчүн отун-энергетика комплекси боюнча мамлекеттик агенттик өзүнчө тариф иштеп чыгыш керектигин билдирди:

- Мечиттер керектөөчүлөрдүн "Жана башкалар" деген тобуна кирип калган. Тарифи жогору. Алар бюджетке карабаса, акча таппаса, коммерциялык уюм болбосо өзүнчө категория иштелип чыкса деген сунушумду айткым келет.

Кыргызстанда, расмий маалыматка караганда, орто мектептерге караганда мечиттердин саны көп. (RK)

XS
SM
MD
LG