Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Обама Перс булуңундагы мамлекеттердин лидерлери менен жолугат


АКШ президенти Барак Обама жана Сауд Арабиянын падышасы Салман.
АКШ президенти Барак Обама жана Сауд Арабиянын падышасы Салман.

АКШ президенти Барак Обама бүгүн Перс булуңундагы кызматташтык кеңешине кирген алты өлкөнүн өкүлдөрү менен жолугуп, коопсуздук суроолорун талкуулашат. Кеңешке Бахрейн, Кувейт, Оман, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары кирет. Ак үйдөн маалым болгондой бүгүнкү жолугушуудагы сессия аймактык стабилдүүлүктү бекемдөөгө жана “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” сыяктуу экстремисттик топторго каршы күрөштү күчөтүүгө арналат. Ошондой эле Перс булуңундагы өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы буга чейин курч болуп келген алаканы жакшыртуу маселеси да көтөрүлөт.

Шаршембиде Сауд Арабиянын баш калаасы Эр-Риядда Обама Саудия падышасы Салман менен жолуккан. Обама жолугушууда сунни өлкөлөрүнүн коңшу Иран менен жакшы алакада болушун кааларын кыйыр түрдө билгизгенин АКШ президентинин кеңешчилери билдиришти.

XS
SM
MD
LG