Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:59

Турганбаев: "Коопсуз шаар" саясатташып кетти


Жогорку Кеӊеш бүгүн ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалыматын угуп, жыйынтыгында аны каржылоону жактыртуу жөнүндө токтом кабыл алды. Өкмөткө долбоорду ишке ашыруу чараларын ыкчамдатуу боюнча бир катар тапшырма берилди.

Турганбаев долбоор боюнча тендердин жүрүшүндө кетирилген одоно каталарга министрликтин тиешеси жоктугун айтты: "Анын үстүнө ири өлчөмдөгү каражат каралгандыктан, азыр аябай саясатташып кетти. Биз мындайга жол бербешибиз керек".

Тендерде «Стилсофт Бишкек» кыргыз-орус компаниясы жеӊип чыккан. Кийин анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Учурда соттук териштирүү уланууда.

Мелис Турганбаев ушу тапта Ички иштер министрлигинин демилгеси менен ордо калаанын көчө кесилиштерине видеобайкоо жабдуулары орнотулуп, эреже бузгандардан айыппул чогултулууда:

- Күнүнө 120 миң сом түшүп жатат, азыр 2 млн 55 миӊ сом чогулду.

Анын айтымында, видеожабдуу коюлгандан бери жолдо жүрүү эрежелерин бузуу фактыларынын саны 6 эсе кыскарды. (RK)

XS
SM
MD
LG