Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

"Ата-Бейитте" Үркүнгө арналган эстелик орнотулат


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагында курула турган 1916-жылдагы окуялардын учурунда курман болгондорго арналган эстелик долбоорунун авторлорун кабыл алды.

Долбоорлор менен таанышып чыгып Атамбаев аларга ыраазычылык билдирди жана жүз миңдеген адамдын өмүрү кыйылган 1916-жылдагы окуялар өлкө тарыхындагы маанилүү учурлардын бири экенин баса белгиледи.

Мемориалдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ачык конкурстун жыйынтыгында скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу жеңип чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG