Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Крымда иштегенге 500 кыргыз жараны тандалып алынат

Ялта
Ялта

Кыргызстандыктарга Кара деңиздин жээгиндеги Крым аймагына жайкы туристтик сезон маалында иштеп келүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Миграция кызматынан бүгүн кабарлашкандай, «Ялта-Интурист» мейманканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, натыйжада 500 жаранды тандап алуу тууралуу келишим кабыл алынды.

Төрт жылдыздуу «Ялта-Интуристке» бөлмө тазалоочу, ашпозчу, короо шыпыра турган жумушчулар алынат. Алардын жол кире акысын, жашап, тамактануу боюнча чыгымдарын мейманкана өзүнө алууда.

Айына 20 миң рубль төлөнө турган иш сезону 1-майда башталып, 1-ноябрда аяктайт.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, Крым менен сүйлөшүү соңку кезде Түркияга жумушчу күчү азыраак талап кылына баштаганына байланыштуу жүргүзүлдү. (RK)

​
XS
SM
MD
LG