Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Ошто майыптар үчүн дагы бир үй курулду


Ош шаарында майыптар үчүн дагы бир көп кабат үй курулду. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Калык Мамбетакунов премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтты.

Жолугушууда уюмдун ишмердүүлүгү, майыптардын негизги көйгөйлөрү талкууланды.

Калык Мамбетакуновдун айтымында, бүгүнкү күндө эң негизгилерден болуп турак жай жана ден соолукту бекемдөө, реабилитациялык борборлордун жетишсиздиги эсептелет.

Ал белгилегендей, Оштогу жаңы курулган үйдө 45 батир бар жана алар майыптарга берилет.

Майыптардын коомдук уюму аркылуу аларга там салуу мурдагы союздук республикалардын арасынан бир гана Кыргызстанда жүргүзүлүп келатат. Калык Мамбетакуновдун жеке демилгеси менен буга чейин Бишкекте жана Ошто бир нече кабат үй курулуп, пайдаланууга берилген.

Айрым майыптар батир бөлүштүрүү адилетсиз жүрүп жатканын айтып даттанган. Бирок териштирүү учурунда аларда чынында майыптыгы бар азиздер жана дүйлөйлөр жашаары аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG