Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Өкмөт башчы парламентте отчет берет


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Бүгүн Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн 2015-жылы аткарган иши тууралуу баяндама жасайт.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт бир жылдык отчетун Жогорку Кеңештин кароосуна апрелдин башында жөнөткөн. Ага чейин өкмөттүн өзүндө талкууланып, бир добуштан жактырылган. Бүгүн “Бир Бол” фракциясында каралса, жалпы жыйындын талкуусуна майдын башында коюлары күтүлүүдө. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңеште жылдык баяндама жасоого үлгүрбөй калды. “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жана Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо боюнча өткөн тендердеги мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан кетип, анын ордуна 13-апрелде Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп шайланган.(NT)

XS
SM
MD
LG