Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына арналган илимий жыйын болот


Салижан Жигитовго арналган китеп.
Салижан Жигитовго арналган китеп.

Белгилүү адабиятчы, сынчы, акын, окумуштуу жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган илимий жыйын Улуттук илимдер академиясында өтөт.

Салижан Жигитовдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Өмүр жолунда ал президенттин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген.

1995-жылдын июлунан тартып 1996-жылдын август айына чейин “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросун да жетектеген. Ал 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулуп, 2006-жылы 11-февралда дүйнөдөн кайткан. (NT)

XS
SM
MD
LG