Парламенттин 21-апрелдеги жалпы жыйынында Транспорт жана байланыш министрлиги өткөргөн тендерлерди иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгын угуу кийинки аптага калтырылды. Буга өкмөт мүчөлөрүнүн келбей калышы себеп болду.
“Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду” жана Бишкектен “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү жолду оңдоо, малды идентификациялоо үчүн техникалык жабдууларды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун териштирген комиссия былтыр декабрдын башында түзүлгөн.
Иликтөөнүн жүрүшүндө “Балыкчы-Корумду” жолун оңдоо боюнча тендерде лицензиясы жок кытайлык LongHai компаниясы жеңүүчү болгону ачыкка чыгып, мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев бул ишке экс-премьер-министр Темир Сариевдин катышы бардыгын билдирген. Сариев бул айтылгандарды четке кагып, жыйынтыгында отставкага кетүүгө аргасыз болду. (NT)