Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Эл аралык уюм өзбекстандыктарды кайтарып ийген Орусияны сындады


Ташкен.
Ташкен.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Өзбекстан жарандарын жапырт депортация кылганы үчүн Москваны айыптады. Бул тууралуу аталган уюмдун соңку баяндамасында айтылган. Анда өзбекстандык баш калка сураган жарандар, бозгундар жана жумушчу мигранттар күч менен өлкөсүнө кайтарылып жатканы белгиленген.

"Алар мекенине кайтканда коркутууларга жана кыйноолорго кабыларына карабай, орус бийлиги Ташкен менен кызматташып жатат, кээ бир учурда гана өзбек бийлигинин бир катар жарандарды өткөрүп берүү өтүнүчү четке кагылган", деп жазылган баяндамада. Ошол эле учурда Орусия айрым жарандарды кайтарып берүүгө макул болбогон учурда Өзбекстандын атайын кызматы аларды уурдап кеткен көрүнүштөр бар экени маалым болду.

Расмий Ташкен террорчулукка каршы күрөш деген шылтоо менен саясий каршылаштарын, бийликке сын айтып жүргөндөрдү жана диниятчыларды куугунтуктап жатканы да отчетто камтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG