Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

ПАСЕ Савченкого байланыштуу Орусияга санкция киргизүүгө чакырды


Савченконун жакындары Украина президенти Петро Порошенконун кабыл алуусунда.
Савченконун жакындары Украина президенти Петро Порошенконун кабыл алуусунда.

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) Орусияда 22 жылга эркинен ажыратылган украиналык учкуч Надежда Савченконун ишин тергөөгө жана сотко катышкандарга визалык, каржылык санкция жарыялоого батыш мамлекеттерин чакырууда.

Парламенттик ассамблея Савченкону токтоосуз бошотууга орус бийлигин үндөп, эгерде бул талап аткарылбаса, адилетсиз өкүм чыгарган сот, учкучту уурдап жана мыйзамсыз камакка алып, айып таккандар “кара тизмеге” киргизилүүгө тийиш экенин жарыялады. ПАСЕ ошондой эле Украинанын чыгышындагы чыр-чатак орун алган аймакта туткунга түшүп калгандар аеосуз кыйноого кабылып жатат, деген маалыматтарга тынчсыздануу билдирди.

"Донецк жана Луганск облустарынын окуппацияланган райондорун көзөмөлдөгөн жикчил топтордун баарын туткундарды бошотууга, адам укуктарын бузбоого чакырабыз ", - деп жазылган маалыматта.

Орусиянын соту мартта Савченкону эки журналисттин өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 22 жылга эркинен ажыраткан. Ага Донбасстын жайкын тургундарын өлтүрүүгө аракеттенген, чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айыптар да тагылган. Савченко өзүнө коюлган күнөөлөр менен макул эместигин жана орус сотун тааныбай турганын билдирип келет. Бир нече жолу ачкачылык кармап, ушул аптада украин президенти Петро Порошенко менен сүйлөшкөндөн кийин аны токтоткону кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG