Тоң районунда түндө таш кулаган жол тазаланып, унаа кыймылы калыбына келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, саат 00:15 чамасында Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 131-132-чакырымында жол жээгине 20 куб метр таш кулаган.
Тазалоо иштерине Кемин райондук №32 жол тейлөө ишканасынын техникасы тартылган. Азыр жол ачык.
Кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)